Үйгө кокустан конок келип калса же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири капыстан жолго чыгып кала турган болсо, ойго албетте, алгач бат жасалчу салат түшөт. Эгер ал эт менен жасала турган болсо, анда даамдуу жана тоюмдуу болот.
Бырыштын алдын алуу үчүн: Алоэнин жаңы сыгылган ширеси менен бир жумада 2-3 жолу 10 мүнөттөн бетиңизди сүрүңүз. Эгерде териңиз кургак болсо сүргөндөн соң азыктандыруучу крем коюңуз. Же болбосо алоэнин жалбырагын эт майдалагычтан өткөрүп, ботко жасайсыз. Боткону жумасына 2 жолу бетиңизге 10-15 мүнөттөн коёсуз.
Бет терини азыктандыруу үчүн: 1 чоң кашык алоэнин ширесине 2 чоң кашык эритилген балды кошуп, аралаштырасыз. 10-15 мүнөт бетиңизге коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.
Кургак бетти нымдаштыруу үчүн: азыктандыруучу кремге алоэнин ширесин кошуп, күн алыс бетиңизге сүртөсүз.
Кайың Жазында тал-теректер бүрдөгөн кезде кайыңдын ширеси витаминдерге толуп турган мезгил болот. Эгерде, бөйрөк жана бооруңуздун тазарышын кааласаңыз күнүнө эртең менен бир стакан кайыңдын ширесин ичкениңиз туура. Мындай ыкманы көбүнчө сарык оорусу менен ооругандар пайдаланып келишет. Ошондой эле кайыңдын ширесине спирттен кошуп суюлуп бара жаткан чачка сүйкөсө да жыйынтыктуу таасир берет.
Пияз Жумурткадан кичирээк болгон жаңы баш пиязды жатаар алдында жеп жатсаңыз сергек жашоого кадам таштаган болосуз. Тагыраак айтканда, күнү-түнү дебей өзүңүздү жеңил алып, сергек жүрөсүз. Ал кан тамырларды тазалап, ашыкча заттарды чыгаруу менен шлактарды бөлүп, зат алмашууну жакшырт