Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Обложка профиля
Фотография от Айнуска Абдыкадырова

Айнуска Абдыкадырова

Последний визит: вчера 18:42
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фотография от Айнуска Абдыкадырова
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Айнуска Абдыкадырова
вчера 10:15
АЙЫЛ САГЫНЫЧЫ

Сагындым, тоолорумду жашыл чөптүү,
Аскасын көз жетпеген ак мөңгүлүү.
Таң эрте ойгонгондо көз чаптырып,
Турганда көңүл сергип, аба жыттуу.

Асман жакын өйдө карап тиктесең,
Аппак булут каалгып көктө тизилген.
Сапка кошуп керемет сулуулугун, Сагынычтуу ыр жаратам чын дилден.

Күкүк сайрап, таңкы мелүүн абада,
Жан сергитет, элегия, муза да.
Шүүдүрүмдүн жылт-жулт этет тамчысы,
Күн шооласы күңгөй бетке чагылса.

Күн батаарда, бах, өзүнчө сулуулук,
Батыш тарап кылкылдаган кызыл нур.
Боёлуп булут дагы, асман баары,
Кечки ирим, кайталангыс бир кооздук.

Айыл деми, өз нугунда мемирейт,
Берекеси ашып -ташып кемибейт.
Тиргилигин улап жаткан чоң элбиз,
Өз жерибиз өзгөлөргө тең келбейт
Айнуска Абдыкадырова
27 янв
*****

Кай бир күнү ойго батам алдастап,
Кайгы тартып балам жоктоп ыйлагам.
Элесиңди түштө көрөм бат- баттан,
Эркетайым, кандай күнгө кабылган.

Ачык кабак, кара көзүм элең го,
Акыл десе, акыл эсиң кем беле?
Сыноосуна кабылгандай кудайдын,
Кандай күнөө, кандай айып бар эле?

Балтыр бешик бала бойдон кеттиң а,
Ишке ашпасын кайдан билмек элең а.
Баскан оттой жалп деп өчүп калаарың,
Бир да сезбей канча максат чийдиң а.

Эстеп алып күйүп кетем жалынсыз,
Муңга толгон жүрөгүм да кунарсыз.
Күлгөн менен, мен ичимден купуя,
Ыйлап жүрөм, уулум эстеп көз жашсыз.

Абдыкадырова Айнуса

2026.
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

2172

  • Медетбековна 💐💐💐
    Медетбековна 💐💐💐
    Джалал-Абад (Жалалабат)
  • Рахат Маманова
    Рахат Маманова
    Санкт-Петербург
  • Розакан Нурдиновна
    Розакан Нурдиновна
  • Саламат Айдарканова
    Саламат Айдарканова
  • Папина Дочка
    Папина Дочка

  • Бесплатная открытка руки, сердце, снег, друзья мои, счастья вам, будьте здоровы, пожелание
  • Бесплатная открытка женщина, девочка, быть мамой девочки, это быть бесконечно счастливой, поздравляю с днем дочери, день дочери

29

  • Жакшы группа
    Жакшы группа
    83138 подписчиков
  • кыргыз китептери
    кыргыз китептери
    26296 подписчиков
  • Поэзия
    Поэзия
    2515 подписчиков

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

Зарегистрироваться