ТААСИРДҮҮ ОКУЯ.
"Аялдын бейиши да, тозогу да күйөөсү экенин көптөр түшүнүшпөйт...илгери аялдар эринин бутун жууп берчү, ошого жараша эркектер да өзгөчө аяр мамиле кылчу аялдарына,азыркылар чай куюп берсе милдет кылат" деген автобустагы эки аялдын сөздөрүн угуп алдыда отурган келин, сөз десе эле сүйлөй берет ушулар, менин бир грамм жылуулугу жок, мерез эримдин бутун эмес, жанбашын жууп берсең деле билбейт деп ичинен сүлөнүп алды. Бирок үйгө келип, баягы сөздөр такыр оюнан кетпей койду, акыры "эксперимент" кылып көрүүнү чечти. Кечинде күйөөсү келип адаттагысындай эле тамак барбы деп бурк этти.
-ооба бар азыр даярдап дегенде эле оозунан сөзүн жулуп: тамакты сал, мен бутумду жууп чыгам деп жөн