КУТ КОНСУН!
Чычкан жылым, чыйрыктырдың чынында,
Чырмалышып, оору ороп, муң-ыйга.
Кектебейбиз, арты болсун кайырлуу,
Келечекке кадам таштап жыгылба!
Көпчүлүккө түшкөн ушул сынообу?
Көксөгөн ой, кетсин бизден бул оору!
Көрөңгөлүү элбиз эч бир сынбаган,
Көтөрөлү башыбызды жогору.
Келерки жыл, "майлуу-сүттүү жыл" болсун,
Кереметтүү башыбызга бак консун.
Ар бир үйдө аманчылык, тынччылык,
Түбөлүктүү түркүгүбүз орносун!
Авт.А.Эсен 31.12.2020.ж