Жарык жашоого келгенден баштап адамды сандар ар дайым ээрчип жүрөт эмеспи. Ал тургай, аттарыбыздын канча тамгадан турганы да нумерология илиминде мааниге ээ. Себеби ага жараша адамдын мүнөзү, тагдыры ачылат.
Чечимди тез чыгарган “3” саны
Кыргыз эли кытай, япон элдери сыяктуу эки-үч тамгадан ысым ыйгара беришпейт. Бирок үч тамгадан турган ысымдар кездешет. Окумуштуулардын аныктоосу боюнча, үч тамга өзгөчө белги болуп эсептелинет. Андыктан үч тамгадан куралган атты алып жүргөн адамдар чечимди тез кабыл алып, аны дароо аткарууга ашыккандар болушат. Изилдөөчүлөр тарабынан үч санына “алтын ордо” деген наам берилген. Булардын мүнөзү оор басырыктуу жана сабырдуу. Б