Тээ алыскы кыры көктү кескен,карагай,шилби, арча өскөн тоолордун аркы бети көмкөрүлгөн көпкөк көл.Жээгине дүр дүйүм жемиш өсүп арасын аралай учкан булбул, үкү🦉, кептер деги койчу түркүн түркүн канаттуулар үн салат.түз өсүп учу түпөктүү найза өңдөнгөн карагайларда тыйын чычкандар куушуп ойноп кайра бир нерседен сестенген дей селейип катып калатда кайра бир нерсе эсине түшкөндөй булт берип качып жөнөйт.Сыртынан бир караганга бейиштин бир бурчундагы ажайыптай.андан алыс эмес жерде жайгашкан кеме токтоочу жай .Ал жерден болсо кишинин аягы үзүлбөйт бири ары кетсе бири бери келип улуу Жибек жолуна айланганбы бейм? Парусу ак булуттун сыңары,жалпы калагы күмүш менен сырдалып, парустун баканы алты