"АБДЫШҮКҮР УСТАЗ БУРУЛКАНДЫ ЭМНЕГЕ ЫЙЛАЙТТЫ?”.
(Аллага чексиз мактоолор болсун! Бул, болгон окуя...)
Бурулкан үйүнө келгенде кызы үйдү зыңкыйта тазалап, тамагын даярдап отурган экен. Эртеден кечке тикесинен-тик туруп соода кылып, чарчап-чаалыгып келген эме, кызынын айттырбай жасаган оокаттарын көргөндө жаны бир аз жай алып жыргай түшкөнсүдү.
Ушул кызы кол арага жарагандан бери, жок дегенде үй тиричилигинен бир аз арылды. Кыз бала турмуш тиричиликке бат аралашат эмеспи. Анын үстүнө, Кудай жалгап кызы да элпек, тил-алчаак болуп өсүп келе жатат. Башка кыздарчылап көчөнүн, кийимдин чатагын кылбайт. Болгонго болгондой ыраазы болуп кала берет. Анан да кийинки күндөрү динчил болуп бараткансыйт. Аны