Байдын кызын бир бечара кемпирдин баласы сүйүп калыптыр. Кемпир барып: " Байым, кызыңыздын колун сурап келдим. Байкуштун колунда жок дебей, баламдын көңүлү үчүн каршы болбоңуз" деп суранат. Бай баш ийкеп: " Ээ жарыктык. Кызымдын көңүлү болсо мен кайда качмак элем. Экөө жолугушуп көрсүн " дейт. Кыз менен жигит жолугушканда, кыз жигитке: " Эгер мени жубай кылып, мага үйлөнүүнү кааласаң, мага муштумдай болгон бир нерсе бар. Ошону алып келип берсең, дароо сага турмушка чыгам" дейт. Жигит дароо: " Сен үчүн баарын жасайм. Жердин жети түбүндө болсо да, ал муштумдай болгон нерсени таап келем, айта сал" деп шаштырат. Кыз жигиттин көзүнө карап: " Анда эртең алып кел. Мен сени чыдамсыздык менен күтөм.