Кел, жаңы жыл алыс жолду арытып,
Кел жаңы жыл тозон уруп кар учуп.
Жаш бөбөктү да, бир жашка чонойтуп
Карыяны да, бир жашка карытып,
Шаркыраган дарыядай агып кел,
Шаңга толуп адам затка жагып кел.
Баарыбыздын күткөнүбүз топ келсин,
Бак таалайды ар бир жанга алып кел.
Ден-соолук бер, кеселдери оорлорго!
Дуйноо бергин мандайлары шорлорго!
Көкөлөсүн зоболосу бийиктеп,
Кадыр-барк бер ,карыптарга корлорго.
Карапайым калк турмушун оңдоого,
Ынсап бергин эл башкарган чоңдорго,
Баарысына Ар-намысты ала кел,
Бузулгандар түшсүн быйыл ак жолго.
Бороон болсун бирок кайгы болбосун,
Суук болсун бирок көңүл толбосун.
Жаманчылык жылас болуп элимден,
Жаратканым Кыргызымды колдосун!
Калк ичинде каар уч