Фейсбуктун колдонуучусу Эмиль Маликовдун кайрылуусу
Хонда Фит айдаган, Ала-Букалык Анарбек акеге!!!
Ала-Бука - Бишкектин ортосунда каттап, алыс жолду жакын кылып такси айдап жүргөн Анарбек деген пайгамбар жашына барып калган киши бар. Өзү Жданов айылынан болот, күмүш түстөгү Хонда Фит үлгүсүндөгү машина менен иштейт. Алган жол киреси 1200 сом, анткени машинем кичинекей, төрт эле киши батат, жолду актабай калат дейт. Ушул Анарбек аке 2016-жылдын 19-мартында Ала-Букадан Бишкекти көздөй жөнөйт. Ошол учурда Аксынын жолун өзбектер тосуп, паспорт сурап өткөрүп жаткан кез эле. Жүргүнчүлөрү бир орус бала, 2 эже-сиңди, 1 орто жаштагы аял болот. Баягы кыздардан 1200дөн жолкире алып, тиги орустан 15