Ыйласам да,жашырып көрсөтпөймүн,
Шылдың кылып,үстүмдөн күлбөсүн дейм,
Кайгымды төгүлтүп айта бербейм,
Өзүмө ок кылып,төкпөсүн деп...
Катамды көргөндөр оңдобостон,
Көрсөтүп,айткандар бутум тоскон.
Калгандай тазасынып,өмүр бою,
Калдыгындай артымдан сөзү коошпой.
Кемчилигим,өзүм билем кыйшыгым көп,
Оңолууга кадам менен,алга жүрөм.
Ызалантып,кээ бири жемелешсе,
Албетте,жообун сөзсүз берип өтөм.
Жемимди жедирип,кое бербей,
Сөз келтек жебешке бек турайын.
Дос,душман кимиси баштайт билбейм,
Алдастап,өзүмө чеп курайын.
Көп кыйналдым,сыздадым,баары өттү,
Дайрадай көбүктөй,сызып көчтү.
Дагы да,күчкө толуп туруу менен,
Сыноолордо,кыйшайбай өтүүм себеп.
....мен,анткени түйшүк-түмөн жашоону кечүүм к