Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
  • Главная
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Рекомендации
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Фотография от И  Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ

И Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ

Последний визит: 1 июл 2019
Фотография от И  Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
Фотография от И  Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
Фотография от И  Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
Фотография от И  Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
Фотография от И  Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
Gif
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
И Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
5 апр 2019
САНАТ ЫРЫ

Өмүрдүн ачуу таттуусун,
Акыл калчап талдап көр.
Жүрөктө бар бир чындык,
Ыйманыңды баамдап көр.
Карч-курч уруп жаныңды,
Бакыт балын даамдап көр.
Келе электе миң санаа,
Бейишке бир чамдап көр.

Ден-соолугуң барында,
Алтын башың сыйлай бил.
Намазга бек тургузган,
Жакыныңды ылгай бил.
Жанын үрөп күйүнсө,
Шүгүр этип жыргай бил.
Акыретчил досум деп,
Ар кыл сапта ырдай бил.

Ачуу-душман, акыл-дос,
Ар качан да билип жүр.
Адеп, ахлак илимди,
Адамдарга ийип жүр.
Эң бир жумшак боорукер,
Тыкан болуп бийик жүр.
Акыл айтса улуулар,
Айтканына кирип жүр.

А: Ильязбек Нармаматов.
  • И Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
    14 фев 2019
    ҮМҮТ

    Жашай берем өксүбөстөн үмүт менен,
    Күдөр үзбөй бир өзүңдү күтүп келем.
    Махабаттын алоосуна күйсөм деле,
    Кайыл болуп бул тагдырга түтүп келем.

    Өткөн өттү, кеткен кетти кайрылбастан,
    Жашайлычы бирге болуп айрылбастан.
    Өмүр-өмүр кээде таттуу кээде ачуу,
    Тайгак жолдо чыйралалы жаңылбастан.

    Мейли эле тагдыр мени сөксө деле,
    Жамгыр сымал сыноосун көп төксө деле.
    Жашай берем шүгүр кылып Кудайга миң,
    Тордоп азап буйдалактап өтсө деле.

    А: Нармаматов Ильязбек.
    Обону: Жээнбекова Бурулай.
  • И Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
    12 авг 2018
    НАСААТ


    Чуркагандан көрө сен,
    Бийик сарпта мөөнөттү.
    Өзү эле келет деп,
    Күтө бербе көмөктү.
    Бактысына жаралып,
    Келбедиңби бир жандын.
    Багындырып жүрөгүн,
    Ээлик кылба бөлөктү.

    Эркин жүргөн тоо кушун,
    Капаска бууп байлаба.
    Эл кадырын билбести,
    Элчи кылып шайлаба.
    Көтөрүлүп зоболоң,
    Оргуштасын ар дайым.
    Сөз агытып ар кимге,
    Жаман сөзүң арнаба.

    Көңүл деген назик бу,
    Катуу тийсең ал ооруйт.
    Кызыл гүлдөй ачылып,
    Кайра эле бат соолуйт.
    Эч бир жанга жаман сөз,
    Айтпа такыр кемсинтип.
    Жүрөккө дем арнасаң,
    Калаар көңүл жай болуп.


    А: Ильязбек Нармаматов.
    И Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
    27 июл 2018
    УУЗ СҮЙҮҮ

    Мүдөө коюп сүйүүгө кенен-кенен,
    Жүрөгүңдү ачыпсың терең-терең.
    Мага келип сүйүүсүн берсе го деп,
    Мен жүрөмүн жол карап элең-элең.

    Кайырма

    Мен эңсеген секетим болуптурсуң,
    Купулума жан биргем толуптурсуң.
    Насип буйруп Кудайым берген кезде,
    Жал-жал көзүм сен менин колуктумсуң.

    Ашыктыкка мас болуп жүрүп-күлүп,
    Балын татып жемишин үзүп-күбүп.
    Сыйлашалы түбөлүк жаным менин,
    Ырыс кешик бар бакыт сүйүп-күйүп.

    Айдай жүзүң келишкен аппак-аппак,
    Шекер сөзүң жемиштен так-так, так-так.
    Кыт-кыт күлүп койсоң ээй, атаганат,
    Сүрдөнүп бир кетемин бат-бат, бат-бат.

    Кайырма

    Мен эңсеген секетим болуптурсуң,
    Купулума жан биргем толуптурсуң.
    Насип буйруп Кудайым берген кезде,
    Жал-жал көзүм сен ме
    И Нармаматов МЕЗГИЛ ДАРЫЛАЙТ
    8 июл 2018
    МАХАБАТЫМ

    Сүйөмүн асыл гүл өңүңдү,
    Сүйүүгө балкып жүрөмүнбү.
    Сезимим туйлап адатынча,
    Сүйүүмө жетпей жүдөдүмбү.

    Сүйөмүн секет көздөрүңдү,
    Шекери тамган сөздөрүңдү.
    Арбалап мага келиптирсиң,
    Бакытым ушул көргөнүмбү.

    Кайырма

    Сүйөмүн жаным бир өзүңдү,
    Арнаймын сага жүрөгүмдү.
    Кудайым берген жарыгым деп,
    Өтөмүн сыйлап түгөйүмдү.

    Жүзүңдөн сүйүүң көрөйүнбү,
    Жалооруп беттен өбөйүнбү.
    Жанымды арнап бүт өмүр,
    Ырларым жазып төгөйүнбү.

    Кайырма

    Сүйөмүн жаным бир өзүңдү,
    Арнаймын сага жүрөгүмдү.
    Кудайым берген жарыгым деп,
    Өтөмүн сыйлап түгөйүмдү.

    А: Ильязбек Нармаматов.
    На этом пока всё
    Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

    549

    • Айжамал Бердимуратова
      Айжамал Бердимуратова
    • 👍prosta💕💕 bahti👍
      👍prosta💕💕 bahti👍
      Джалал-Абад (Жалалабат)
    • эркайым канаева
      эркайым канаева
      Ивановка
    • Б Б
      Москва
    • Олег Стукалин
      Олег Стукалин
      Бишкек (Пишпек, Фрунзе)

    13

    • " Бакыт Кушум " Тайпасы !!!
      " Бакыт Кушум " Тайпасы !!!
      16181 подписчик
    • Правильное питание. Долой лишний вес.
      Правильное питание. Долой лишний вес.
      1935 подписчиков
    • 🍸 🍴 🍒 🍆 🍓 ПРАВИЛЬНОЕ ПИТАНИЕ🍸 🍴 🍒 🍆 🍓
      🍸 🍴 🍒 🍆 🍓 ПРАВИЛЬНОЕ ПИТАНИЕ🍸 🍴 🍒 🍆 🍓
      3215 подписчиков
    • ДРУЖБА НАРОДОВ ОБЪЯВЛЕНИЯ Г МОСКВЕ ДЛЯ ГРАЖДАН СНГ
      ДРУЖБА НАРОДОВ ОБЪЯВЛЕНИЯ Г МОСКВЕ ДЛЯ ГРАЖДАН СНГ
      17292 подписчика
    • ЭЛДИК ПИКИР
      ЭЛДИК ПИКИР
      2048 подписчиков

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

    Зарегистрироваться