БАТКЕНИМ ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
Жүрөгүм көп ызаны жыйнап турат,
Жүлүн өрттөп, жанымды кыйнап турат.
Ырыскыга түкүргөн жексурлардан,
Ыйлап турат Баткеним ыйлап турат!
Бул бир эмес, үч, балким жетинчи ирет,
Бурчка башты калкалап, "бекинчи!" деп.
Өрүкзарлуу Баткеним көп ыйладың,
Өгөйлөнгөн сыяктуу жетимсиреп!
Туюп турам, онтогон демиң турат,
Туш тарабы кан болуп жериң турат!
Жалгызданба Баткеним, сени коргоп,
Жалын сымал от болуп элиң турат!
Тийбегенге тырмагын тийгизбестен,
Төрдө сыйлап, чапанын кийгиз дешкен.
Сыйдын теңи болбогон сансыздарды,
Сапырышкан күл кылып күйгүзбөстөн.
Жашырынган көр чычкан болбойт элим,
Жалгыздатпай бири-бирин колдойт элим!
Кол куушуруп отурбай күнү-түнү,
Коргоп келген