Карааныңа кагылайын карагым
Сенден алыс жыла албай барамын
Кыргыз каны тамырыңда айланат
Элиң үчүн мыкты ишке жарагын
Мээрим болсун эки көзүң жайнаган
Жүрөгүңдө ыйман толсун кайнаган
Ден соолугуң, өмүрүңдү тиленип
Дуа кылам колум жайып кайрадан
Сөзгө чечен, ишке чебер, ийкемдүү
Карылардан бата алган, сүйкүмдүү
Кайрат менен намысты бек кармаган
Жигит болгун! Көрөйүн көп күлкүңдү...
Айланайын, кагылайын, тирегим...
Аткараарсың ата энеңдин тилегин
"Тарбиялап, багып , кагып чоңойткон
Ата энеңе алкыш менен ырахмат"
Деген сөздү угуу менин тилегим...