✅ Аллахтын ырайымынан алыс болуучу он түрдүү аялдар
1. Денесине ийне менен сүрөт же жазуу түшүргөн аялдар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Денесине жаздыруучу жана жазуучу аялдарга Аллах Таала каргыш айтты" - деген. (Бухари). Денесин ийне менен тешип ар түрдүү сүрөттөрдү тартуу жана жазууларды жазуу күнөө.
2. Каштарын терүүчү аялдар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Аллах Таала каш¬тарын терүүчү аялдарга каргыш айтты" - деген. (Абу Дауд). Каштарын терип салып, анан боёп алууга болбойт. Аллах жараткан дене-мүчөнү өзгөртүү туура эмес.