"Алтын бешик Алайым"
Куштарланткан көргөндөрдүн далайын,
Кымыз менен гүл жыттанган Алайым.
Койнуңду ашчы, купулуңа сагынган,
Кулач жайып бир кучактап алайын.
Алыс жактан мен Алайга келгенде,
Тоолорума толкуп салам бергенде.
Так ушундай сагынычта боломун,
Бакыт таалай гүлгө оролгон жергеме.
Адамдарга ачык дайым эшигиң,
Ар убакта болбосун эч кемтигиң.
Айрыбасын Алай сенден эч качан,
Ардактаган алтын уям бешигим.
Кымыз ичип кыл жолуңа уктагам,
Кыз колтуктап кырчыныңа ыктагам.
Тоо боорунан терип ышкын, карагат
Арча аралап, атыр гүлүн жыттагам.
Кузгун-Таш, Ак-Булактын, Боз-Дөбөнүн,
Кыясын басып жашты өткөргөмүн.
Кымыздык, ышкындарын терип жегем,
Кымындай жамандыгын көрбөгөмүн.