АСЕЛ: «ЖОЛДОШУМДУН ОРУСИЯДА АЯЛЫ БАР ЭКЕН» Леди газтасынан алынды,окугандар жардам берип коюнуздарчы колунда бар адамдар.Аллах раазы болсун!
– Мен Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында туулуп өскөм. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, байкем бар. Мен 11-класста окуп жатканда апам жүрөк оорусунан улам каза болуп калган. Апам өлгөндөн кийин атам башкага үйлөнгөн. Мен өгөй апам менен жакшы келише албаганым аз келгенсип, атамдан да алыстап калдык. Атам өгөй апамдын үйүндө жашайт. Мектепте жакшы окучумун, ЖРТ тесттен жакшы упай алып, ЖАМУнун бюджеттик бөлүмүнө мугалимдик кесипке тапшыргам. Окуп жүргөнүмдө мен аны сыртынан тааныган, коңшу айылдык өзүмдөн 11 жаш улуу адам ала