"Апа," ооба, бул үч тамгадан, кыска сөздөн турат.
Бирок, анын мага кылган мээнети эң узун дарыя сымал.
Ал дарыя эч убакта токтобойт жана эч убакта артка акпайт.
Ошол сымал, апа бала үчүн, жакшылык кылууга алга умтулат.
Апа, мени боюңда алып жүргөнүңдө, көптөгөн ооруларга дуушар болдуң!
Алсыздык үстүндө мени төрөдүң!
Жумшак жылмаюууң менен кучагына кыстың!
Мен уктамайынча көз ирмебедиң!
Мен күлмөйүнчө кыжалат болдуң.
Мен жылмайсам, себебин билбестен сен ага жылмайдың.
Мен кайгырсам себебин билбестен сен ага ыйладың.
Апакебай, мен үчүн курсагыңды уя кылганыңа, көкүрөгүңдү кудук кылганыңа,
кучагынды жууркан кылганыңа кандай жооп кайтара алаар экем?!
Мен бактылуу болуш үчүн кара чачың а