ЖАШООНУ СҮЙ
Жашоо жыргал, тирүүлүктүн шаңында,
Колдо өмүр, жанып турса шамы да.
Ойноп-күлүп, жашаганга не жетсин,
Аман болсо, алтын башың чынында.
Аткан таңды, көрүү өзү чоң байлык,
Күнүм чыкса, жүзүн ачып жылмайып.
Кышпы-жайбы, баардык мезгил керемет,
Оорубастан, көрүп турсаң кубанып.
Бул турмушта, баарын сүйө билгиле,
Карды да сүй, кези келет кеткенге.
Сүйүү үчүн, жашоо өзү жаралган,
Бир берилген, адамзатка кезинде.
Жашагыла, ар бир күндө кубаныч,
Өткөрбөстөн, көр оокатка чулганып.
Кайталанып кайра келбес өмүрлөр,
Бир мезгилде бизден кетет уурданып.
Автор: Бурмакан Борбоева
"Поэзия Ордосу"көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү
Жалал-Абад шаары
22.12.2020- жыл.