💦💦(Редька)ТҮРП - ҮЙ ДАРЫГЕРИ
Түрптү гректер «Кудай жөнөткөн белек» деп баалап, алгачкылардан болуп өстүрүп пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө анын жашыл, кара өӊдөгүлөрү жана дайкон, лобо түрлөрү дүйнө элдеринде кеӊири пайдаланылып, мындан ар кандай салаттар, ысык тамактар жасалып келет. Анда бул жашылча менен жакындан таанышып алалы.
Пайдасы:
Түрптүн курамында кишинин организмине керектүү элементтердин топтому бар. Башка жашылчаларга салыштырмалуу мында минералдык туздар, йод, кальций, темир, калий жана фосфор көп. Бул элементтер кан басымды түшүрүп, жүрөк булчуӊдарын бекемдейт, кандагы канттын өлчөмүн нормалдаштырат.
Курамындагы фитоциддер мээни кычкылтек менен камсыздоого жардам берсе