Күлүйпа Жумабекова элдик дарыгер, кыл тамырчы: “Эмчек рагы сезгенүүдөн, эмчекти чоочутуп алуудан, бойдон алдыруудан, жатындагы инфекциядан пайда болот”
Элдик дарыгер, айыккыс дарттарга даба тапкан, көп элдин сообуна калып, онтогон ооруудан айыктырган Күлүйпа эже менен жылдан жылга жашарып бараткан эмчек рагы жана аялдар көп кабылып жаткан жатын рагы, жатындын түшүп кетиши жана анын кесепеттери, кант диабетинин себептери тууралуу сүйлөштүк.
- Акыркы мезгилде аялдар көп кабылып, жылдан жылга жашарып бараткан эмчек рагы көпчүлүк учурда чоочутуп алуудан же байкабай турганда муздак суу тийгенден жана бир нерсеге катуу уруп алгандан ошондой эле төрөгөн соң мастопатияга кабылгандан пайд