КОСМЕТИКАСЫЗ СУЛУУ КОРУНУУНУН ЖОЛДОРУ.
Кою кара каш, кайрылган калың кирпик, жибектей жумшак чач … «Булардын баарына кымбат косметиканын жардамы менен кол жеткирсе болот» деп ойлогон кыздар аз эмес. Ошентсе да эч кандай косметикасы жок эле сулуу көрүнүүгө болот. Кантип десеңиз өзүңүз окуп көрүңүз…
Бет терисинин сулуулугу үчүн ромашка гулүнөн чай даярдаңыз. Ал үчүн 1 аш кашык ромашка гүлүн термоска салып, 1 стакан кайнаган ысык суу куюп, оозун жаап коюңуз. 30 мүнөттөн кийин алып, сүзүп, 1 чай кашык бал кошуңуз. Даяр чайды күндө эртең менен ач карынга 1-2 урттап, процедураны 2 жума тынбай улантыңыз. Ромашка чайы жүзүңүзгө өзгөчө жагымдуулук тартуулайт.
Кирпигиңизди узартып, калыңдатууну ка