Кан басымдын жогору болушу - гипертония менен ооругандардын саны жыл санап өсүүдө. Учурда калктын 30-40 пайызын кан басымынын жогорулашы менен ооруган жарандар түзөт. Гипертония оорусуна чалдыккан адам, бул оору менен өмүр бою күрөшүп келет.
«Гипертония оорусу 75-85 пайыз нерв эмоциялык таасирден улам пайда болот» Келип чыгуучу факторлор - Көп кыжалат болгондон, стресстен. - Туздуу тамак-ашты көп ичкенден - Аз кыймылдоо. - Ашыкча семирүү. - Тамеки тартуу жана ичкилик себеп болот.
Бул оору менен жумушчуларга караганда акыл эмгеги менен иш кылгандар жана айылда жашагандардан шаардыктар көп кабылышат. Бул оору негизинен жүрөк, кан тамыр, нерв системаларынын жана бөйрөк оорусуна да б