Күлүп жаша! Чарчап эстен таңганча,
Бул жашоонун кумарына каңганча.
Күлүп жаша! Капалыкты унутуп,
Жүрөк токтоп бир күн сокпой калганча.
Күлүп жаша! Жаштыкка гүл өңгөндө,
Жаңыдан бүчүр алып бүрдөнгөдө.
Күлүп жаша! Өткөн кезди эске албай,
Кеч болот ичеер сууң түгөнгөндө.
Күлүп жаша! Өмүр өтүп кете электе,
Каарылыктын дарыясын кече электе.
Күлүп жаша! Кайгы муңду четке кагып,
Денең бир күн кара жерге жете электе.
Күлүп жаша! Ага себеп болбосо да,
Күлүп жаша! Кайгы сени жолдосо да.
Күлүп жаша! Жакшы күндөн үмүт үзбөй,
Күлүп жаша! Турмуш сени кордосо да.
Күлүп жаша! Ыйлап карек талса дагы,
Күлүп жаша! Кайгы курчап алса дагы.
Күлүп жаша! Капалыкка алдырбай,
Күлүп жаша! Тагдыр сы