Кытайга берип жараандык,
Көнүмүш болду, арамдык.
Өзгөлөр ээлеп түз жерди,
Тоо-Ташта кыргыз кыйналдык.
Төбөдөн жамгыр тамчылап,
Айылда-кыргыз малчылап.
Ылайдан чаптап үй куруп ,
Абалды көрсөн жан чыгат.
Жакканы-тезек, куурайдан,
Жегени арпа, буудайдан.
Чоңдоруң ташыйт байлыкты,
Коркпостон эч бир кудайдан.
"Каапыр"-деп атап элиңди,
Акчага саттын жериңди.
Ачуусу келсе кыргызым,
Сыйрыйт го эми териңди!: