Бир күнү кезектеги семинардын алдында кагаздарымды иреттеп отурсам, орто бойлуу киши кирип келди. Жайдары жүзүнөн бакыттын илеби сезилет. Келээри менен: - Устат, колуңуздан өпсөм уруксатпы? - деди. Негизинде кишинин колуман өпкөнүн мурдатан жактырчу эмесмин. Жигиттин көңүлүнө тийбейин деп:
– Кааласаң колумдан эмес бетимен өп. Ал дароо капшыра кучактап бетимен өптү. - "Ии, жигитим, не үчүн колуман өпкүң келди?" Коногум агынан жарыла кетти.
– Устат, ушудан үч жыл мурун сиздин семинарыңызга катыштым. Билесизби? Менин өмүрүм дал ошол күндөн баштап толук өзгөрдү десем болот. Ошол семинардан кийин бактылуу үй бүлөм бар десем болот. Ошон үчүн сизге алкыш айтып, колуңу
Кичинекей балдар үчүн сүт зарыл азык экенин баардыгыбыз билебиз. Бирок, көпчүлүк чоңдордун организмине сүттүн касиети анчалык таасир бербейт деп чоң жаңылыштык кылышат. Себеби, кичинекей өспүрүмдөрдүн организми канчалык сүткө муктаж болсо, чоңдордуку да ошончолук муктаж болот.
Кимге эмнеси менен пайдалуу?
Сүт - кальцийдин негизги булагы жана ал адамдын организминде 97% өздөшөт. Сүттүн бул өзгөчөлүгүнө башка бир дагы азыктын касиети тең келе албайт. Ошондой эле адамдардын сөөктөрүндөгү кальцийди жууп, ичке жана жумшак кылып койгон остеопороз оорусу менен жабыркагандар үчүн алмашкыс дары болуп эсептелет.
1. Жылуу көк чайды бал менен ичсеңиз мээге пайдасы көп. 2. Тиштериңизди таза кармаңыз. 3. Сабизди уктаар алдында жесеңиз ден-соолукка пайда. 4. Сууну узак кайнатуу же кайнатылган сууну кайрадан дагы кайнатып чай демдөө өтө зыяндуу. 5. Бийалма (айва) ширеси боор оорусун даарылайт. Күнүнө 1-2 стакан бийалма ширесин ичүү сунушталат. 6. Ар кандай ооруну дарылоо ашказанды айрандын сарысы менен жуугандан башталат. 7. Бутуңузду ар дайым таза, кургак жана жылуу кармаңыз. 8. Көк чай бөйрөктү жууйт, андагы сезгенүүнү айыктырат. 9. Адатта, кечки саат ондон таңкы алтыга чейин укташ керек. 10. Жатар алдында жеңил дене тарбия көнүгүүлөрдү жасаңыз 11. Уктаар алды