БАШКА СУУК ТИЙСЕ ДАРЫЛАНУУ КЫЙЫН
Бул жөнүндө өзгөчө жаштардын билишкени абзел. Себеби күн суукта жылаң баш жүргөндөрдүн көпчүлүгү-жаштар эмеспи. «Прическам» бузулат дешип, бат-баттан жууп, фен менен кургатып алышып журө беришет. Ал эми башка суук тийсе оңой менен айыкпайт.
Башка суук тийгенде биринчи эле кара куштан чекеге чейин кеткен баш сөөк-мээ системалары ооруп белги бере баштайт. Ошондой эле кулак түбүндөгү нерв системалары ооруйт. Мындай учурда артериялык кан басым көтөрүлүп, баш айланып, дене табы көтөрүлөт же болбосо адам адам тоңо баштайт, башы ооруп, кулак чуулдайт. Ушул белгилердин бири байкалса убакытты созбой дарыгерге көрүнгөн оң.
Дал убакытысында аныкталып, дарыланбаса, б