Күндөрдүн биринде бир келин муфтиятта иштеп жатканымда келип, мага мындай суроо берди:
-Мен 5 убак намаз окуюн десем, күйөөм катуу каршылык көрсөтүп жатат. Бирок күйөөмдү капа кылып албайын деп, ваннага кирип сууну агызып коюп, ванна ичинде тар жерде намазымды окуймун. Намазымды окуп бүтүп, чачымды суулап, сүлгү менен оронуп чыгам. Бир күндө 5 жолу ушинтип күйөөмдү алдап келем. Ушул намазым жарайбы же жарабайбы?!
МЕН ЖООП БЕРЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ!!!
Ал келин кетээри менен өз бөлмөмө кирип алып ыйладым. Бир чети өкүнүп ыйласам, бир чети кубанып ыйладым
– Ушундай Кудайдан чын ыкластан корккон аялдар Кыргызстанда да бар экенине кубанып ыйладым; -Кыргызда да ушундай чын ыкла
Жеңил кийингенден баштап айымдардын, өзгөчө толук айымдардын денесиндеги кемчиликтер көзгө даана көрүнүп, өзүн да, башкаларды да ыңгайсыздыкка кабылтат. Мунун баары туура эмес кийим тандоодон. Денедеги кемчиликтерди кантип жашырып, негизги гардеробду кантип туура түзүү керек, ушул тууралуу сулуулук сырлары толук айымдар үчүн болсун.
Чач жасалга
Толук айымдарга, өзгөчө Т тибиндеги фигуралуу айымдарга кыска жана узун түз чач жасалга сунушталбайт. Аларга орточо узундуктагы бир аз тармалдуу же тармал чачтар туура келет. Ошондой эле моюнду жана жаакты жаап турган каре чач жасалгасы ылайыктуу.
Макияж
Косметологдор толук айымдардын макияж жасоодо көзүнө көң