23-апрель, түшкү саат 12.00.
Бейшемби күнү жыт чыгарып, жалпыбыз бир учурда Жаратканга жалынып, айттырбай келген апааттан сактап калууну тиленели.
Сиздер да ак бата менен ак тилекке кошулуңуздар, ардактуу улутташтар.
ЖАЛПЫ ЭЛДИК УЛУУ ТИЛЕК
Оо, Кудурети күчтүү улуу Жараткан!
Он сегиз миң ааламдын Ээси, адамзаттын Эгеси!
Ырайымы чексиз бир Өзүң, мээрими чексиз бир Өзүң!
Улуктугуң теңдеш жок, адилет-калыс бир Өзүң!
Жалынмак бизден болсун, жалгамак Өзүңдөн болсун!
Тиленмек бизден болсун, колдомок Өзүңдөн болсун!
Оо, Жараткан Кудайым!
Күнөөбүздү кечире көр, мээримиңди төгө көр! Апааттуу илдет тезинен кетсин, убайым тартпас ай-күндөр келсин.
Агарып аткан таң менен күндө, баш ийип Сага, б