КАЙДАСЫҢ АЗЫР КАРАЛДЫМ...
(башталышы)
Ачык күрөң түстөгү чолок пальточон, башына кызыл шарфын тыкыйта салынып алган орто бойлуу, арык чырай жаш аял колуна желим баштык кармап, күүгүм маалда тепкичтер менен өйдө көтөрүлүп, төртүнчү кабатка чыгып баратты. Баштыгында бир бөлкө наны, беш-алты жумурткасы, дагы майда-чүйдөсү бар. Бу тепкичтердин жарыгын күйгүзүп, оңдоп коёюн деген эч ким жок. Жашагандардын баарысы эле эртели-кеч караңгыда сыйпалап келишип, өз эшигин таап, бир бөлмө үйлөрүнө кирип-кирип кетишет да, ошону менен дым болушат. Алиги аял караңгыда тепкичтерди аярлай басып, төртүнчү кабаттагы өз эшигинин тушуна келип, чөнтөгүнөн ачкычын сыйпалап таап каалгасын ачты. Босогосун аттары мен