Күргүштөп күчүң болсо да,
Атагың алыс кетпейт эле.
Аалымдар дүйнө жаңыртат,
Акылың ага жетпейт эле.
Чынында мугалим болбосо!
Дарт айыгып кетпейт эле,
Жол салынып бүпөйт эле.
Асманда учак учпайт эле,
Космосго адам чыкпайт эле.
Чынында мугалим болбосо!
Жашоосун араң эптейт эле,
Күркүрөп байып кетпейт эле.
Иши бүтпөй көптөйт эле,
Ташы мокоп өтпөйт эле.
Чынында мугалим болбосо!
Алыс тууган келбейт эле,
Анча мээрим бербейт эле.
Азиздериң көрбөйт эле.
Унааларың жүрбөйт эле.
Чынында мугалим болбосо!
Көзү ачыктар карайт эле
Оорулар өтө тарайт эле,
Бакыт башка конмок эмес,
Жашоо өзү болмок эмес.
Чынында мугалим болбосо!
Бүтүрүүчү бүтмөк эмес,
Жалпы журт күтмөк эмес.
Билимден чеп курмак эме