Предыдущая публикация
Сиз дедим сизди эрксизден эркке багынып,
Сезимге толкуп, жагымдуу сөзгө жалынып.
Сиз деген тамга жүрөктөн кетер бир күнүн,
Сезсем да сизди, сиз дедим кайра кагылып.
Сиз дедим сизди, оргуштап дүйнөм бөлүнүп,
Сүйүүнүн күчү өчпөс шам болуп көрүнүп.
Сагыныч, арман, ишеним болбой тоскоолу,
Сагынган жандай нөшөрдөй гана төгүлүп.
Көлкүлдөп көөдөн турганда сизди сагынып,
Көрсөтпөй көз жаш көмүскө каттым, таарынып.
Көзүңдү нурун жайнатсаң асыл сөз менен,
Көңүлүм сүйүп, Сиз дедим сизди жаңылып.
Сагыныч сөзү айтылса күйүп жалынып,
Сиз дедим сизди, эртеңим билбей жаңылып.
Акмарал Нурматова
20.06.2021. Бишкек шаары.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев