*Садака экендиги билинген сүт*
Бир киши Умарга р.а бир аз сүт алып келип берди. Умар р.а аны ичип жиберди, бирок сүттүн даамы кадимкидей эмес экендигин сезип калды да, ал адамдан сүттү кайдан алгандыгын сурады эле ал: << *Чөлдө садака ирээтинде алынган төөлөрдү кайтарып жүрүшкөн төө кайтаргандар, калып калган сүтүн мага беришти эле* >>, - деди. Умар р.а ошол замат эки манжасын оозуна салып, ичкен сүттүн баарын кайра кусуп салды.
Бул Кудайдан корккон адамдар Аллах тарабынан тыюу салынган тамакты такыр жебегени аз келгенсип, жеп алган күмөндүү ар бир сындырым үчүн тынчсызданып турушкан. Алар тилеке каршы, биздин күндөрдө кадимки, демейдегидей эле болуп калган арам тамакты жемек тур