Кошуна болуп жашоо-ислам боордоштугундагы бардык акыларды гана талап кылбастан, башка да бир топ кошуналык акыларды да камтып турат. Мусулман кошуна ар бир мусулманга тиешелүү акыларга ээ болгондон сырткары, башка бир топ кошуналык акыларга да ээ. Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген: Кошуналар үч түрдүү:
а) бир акысы барлар; б) эки акысы барлар; в) үч акысы барлар.
Үч акысы болгон кошуна: мусулман жана кандаш тууганчылыгы барлар. Булардын кошуналык, исламдык жана туугандык жактардан үч түрдүү акысы бар.
Эки акысы бар кошуна: мусулман кошуна, мунун кошуналык жана мусулманчылык акысы бар.
Бир гана акысы бары-мусулман эмес кошуна. Мында Пайгамбарыбыз
Машинанын дөңгөлөгүнөн рулуна чейин, аккумуляторунан радиаторуна чейин бардык бөлүктөрү бар дейли, бирок, аны ордунан жылдыра албайбыз.
Эмнеге? Анткени машинанын майы жок.
Майы жок машинаны ордунан жылдыруу кандай кыялдануу болсо, иш кылууга да кызыгуусу, умтулуусу, кабатырлануусу жана тайманбастыгы сыяктуу сезимдери болбогон адамдардын ордунан жылуусу ошондой эле кыялдануу.
Адамдын мындай сезимдери так эле машинанын майы сыяктуу. Ал сезимдер адамга ылдамдык бере турган күч жана энергия.
Бул жердеги маанилүү нерсе адамдын сезимдерин ойготуп, анын аракеттенүүгө түртүү.
__________________________________ Кыялданып отура бергенди токтот! Аракет кыл
«Илимсиз дин - сокур, динсиз илим — чолок»
_Альберт Эйнштейн_
Пайгамбарыбыз Мухаммед Алладан пайдасыз илимден сактоону суранып жалбарган.
Андай болсо пайдалуу илим деген эмне? Ал кандай болушу керек?
Пайдалуу илим — бизге Улуу Жаратканды тааныткан илим.
Пайдалуу илим өзүбүзгө-өзүбүздү тааныткан, адамга ким экендигин, кайдан келгендигин, кайда бараткандыгын үйрөткөн илим.
Пайдалуу илим бул - адамзаттын жакшылыгы үчүн колдонулган илим.
пайдалуу илим бул биз бир нерсени үйрөнгөндөн кийин, илимсиз экендигибизди сездирип, умтулуу жана аракеттенүүнү берген, жаман мүнөздөрдөн жана адамгерчиликсиз жаман сапапардан сактаган илим.
«Жакшы китептерди окубаган адамдын караңгы адамдардан эч айырмасы жок». _(Марк Твен)_
Адам эмнени окуй турганын билгени да абдан маанилүү: Окуп жаткан китептерибиз бизге кандай пайда алып келет? Аны окуганда жаңы маалыматтарды топтой алдыкпы? Жүрүм-турумубузду жакшы жактарга буруп, рухубузга бейпилчилик берип, ишибизге умтулууну жарата алдыбы?
Франс Кафка чыныгы китептин өзгөчөлүгүн мындайча түшүндүргөн: «Китеп адамга өзүнүн таасирин керек. Окуган китеп бизге муштум менен ургандай таасир бербесе, андай китептин бизге змне кереги бар?».
Эгерде бир китепти окуп бүтүргөндөн кийин оюбузга “Ушул китепти ырас эле окупмун, окубаганымда көп
_Суроо узатуу адамды билгизбей туруп маалымат ээси кылып коёт._
Суроо узатуу илим изилдөөдө эң көп кайрыла турган жол болушу керек. Суроо берүү китепти, теманы же болбосо сабакты жакшы түшүнүүдө жардамчы болот.
Суроо узатканды билгендин билими жогорулайт. Анткени билбеген адам бир нерсени сураганда билген адам ага жооп бериш үчүн изденип, китептерди окуп, жооп издей баштайт.
Имам Абу Юсуфка мындайча суроо узатышкан:
- Мынчалык маалыматты кайдан билип алдын?
- Билбеген нерсемди улуудан да, кичүүдөн да сурап билип алдым, - деген экен.
Суроо узатып жатам деп эле ар кандай дайыны жок башаламан суроолорду сурабашыбыз керек. Муну биле жүргөнүбүз дурус.
Суроо адамд