Эх аттин биздин күндөр сонун эле,
Айлар узак 24 саат толук эле,
Жүгөрүдөн жасап алып куурчакты
Чачыбызды узун кылган жоолук эле.
Тосмосу жок уйлөр анда ачык эле,
Кире берчу, тыкылдатпай ачып эле,
"Нан бышканда кайра эле беребиз"-деп
Чуркачубуз эки ортодо шашып эле.
Уктачу элек жомокторго кирип алып,
Чуркачу элек чыбык атты минип алып,
Эшиктерди кулпулабай темир менен,
Кете берчү кирпичтерди тиреп алып.
Уй жайганда тойгузчу мүндүр эле,
Жеп койчубуз кара көөсүн сүртүп эле,
Жасап алып чоон уйлөрду ылайдан,
Ойночубуз күн батканын унутуп эле.
Бир үйдө той, ал айылда майрам болчу,
Жегенибиз сүт, каймак, айран болчу,
Ал убакта азыркыдай бат бат эмес,
Биздин сааттын жебеси жайдан болчу.
Ушул к