Бакытты үйүңө жөнөттүм,
Капа кылбай тосуп ал.
Мээрим төгүп чай берип кой,
Чайга салып таттуу бал.
Махабатты кошуп койдум,
Жалгыз барба деп ага.
Таалай дагы барам деди,
Мыйыгынан кулуп жай.
Ден соолукту унутпагын,
Өмүрдү да ала бар.
Таалай барго капа болот,
Аны дагы айтып ал,
Арасында коноктордун.
Ыйман менен Ырыс бар,
Адилет бар аранарда.
Унутпагын билип ал,
Берекени чакыр дедим.
Үмүт менен кайрыла,
Сабыр менен Кайратты да.
Айтпай койсок таарынат,
Баарын эми баргын чогуу.
Ар бир жандын үйүнө,
Тосуп алсын ал адам да.
Кубанычтуу Сүйүнө!!!