"УКТААРДАН МУРДА КҮНӨӨЛӨРҮҢДҮН КЕЧИРИЛҮҮСҮН КААЛАЙСЫНБЫ?"
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: "Ким төшөгүнө жатаар учурда: Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шариика лах. Лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува ъалаа кулли шайин кодиир. Лаа хавла, ва лаа куввата иллаа биллахил, ъалиййил ъазиим. Субханаллохи, валхамдулиллахи, ва лаа илааха иллаллоху, валлооху акбар - деп айтса, күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".
Сүйлөгөнүңдө эң кооз жана жан эргиткен жылуу сөздөрдү гана сүйлө.
Баарлашып жан-дүйнөсү кандай экендигин анык билгенге чейин, эч кимдин үстүнөн өкүм чыгарба.
Кээ бир сөздөрдү чечмелөөдө шайтандын азгырыгына алдырба.
Жамандык бол