БИР ТУУГАНДАР ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕ: Бир тууган — бул Кудайдын белеги, жашоодогу тирегибиз экенинде талаш жок. Ата-энеден кийин эле сырдашып, башыбызды жөлөй турган адамдар дагы ушулар.
Анткен менен жакын адамыбыз баарын түшүнөт, кечирет дей бербей аны дагы сыйлап, ортодогу мамиледе кандайдар бир жазылбаган эрежелерди кармануу керек.
Адилеттүүлүк:
Адилеттүүлүк — жашоодогу бардык мамилелердин негизи. Бир туургандар арасында дагы кадимкидей тең салмактуулук сакталышы керек. Албетте, кичине кезинде ата-эне кенжесин же ооруп калган баласын өзгөчө бөпөлөп, көзүн карайт эмеспи. Чоңдордун жашоосунда бардыгы башкача. Андыктан ортодо катачылык кетирип а