Интернетке сүрөт койбо карындаш,
Бул жорукту, Кудай дагы жактырбас.
Кумар көзү менен көрөт эркектер,
Сен оронуп жамынсаңда карындаш.
Тартпачы көп эркектерди өзүңө,
Тамшантпачы чырайыңа, көркүңө.
Оронгонуң жакшы... бирок,
Оо, карындаш ыйманыңды бөскөртпө!
Эркектер ач карышкыр сыяктуу,
Сакал коюп, болсо дагы ыймандуу.
Алла Таала табияттан жараткан,
Ошондуктан аялдарга кумарлуу.
Сен карындаш сүрөт койбо айтарым,
Сен акыйкат жолун туура тандадың.
Ошондуктан үлгү болгун башкага,
Колдоп жүргүн шарияттын мыйзамын.
Пайгамбардын хадисинде айтылган,
Таасирлүү сөздөр анда камтылган.
"Күйөөңдөн башка эркектер,
Көркүңдү көрбөө керек"- деп айткан.
Кудайдан корксоң эгер карындашым,
Сүрөтүңдү көрсөтпөг