БЕШ ЖЫЛ СҮЙЛӨБӨГӨН КҮЙӨӨ!
Күйөөсү жумуштан кеч келет. Сыналгы көрөт, гезит окуйт.
Күйөөсүн кечке күтүп зериккен аялы күйөөсүн сөзгө тарткысы келет. Бирок күйөөсү "кийинчерээк, кийинчерээк" - деп уктап кала берет. Бул абал беш жылга созулат.
Ошондо аялы бир даанышман дарыгерге барып кеңеш сураса, дарыгер ага бош кассетаны сунуштайт.
Аял дарыгер айткан кеңеш менен үйүнө келип күйөөсүн күтөт.
Күйөөсү келгенде ага: «Кымбаттуум, сага бир жакшы кассета алып келдим, уксаң абдан пайдалуу экен», - дейт.
Күйөөсү кассетаны магнитофонго коёт. Беш, он, он беш мүнөт өтөт.
Эч бир добуш жок.
Күйөөсү: «Бул кассета бош окшойт»,-дейт.
Анда аялы: «Азыр, азыр башталат».
Жарым саат ө