Жол... Күздүн сапсары талаасын тең экиге бөлүп зымыраган жол. Туш тарабын ак карлуу тоолор курчаган өрөөндү аралай чапкан даңгыр жол. Жол улай качандыр бир кездерде өткөн күндөрүмдү эстеп оор ойго батып баратканымда жанымдагы шоопур ойду бөлүп жиберди.
- Сиз салдырган көпүрөгө жетип калдыкпы, байке?
Алгач эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Чырмалышып бараткан оюма капылет берилген суроону сиңире албай кыйналып турдум. Бир саам тигини карап «Эмне дедиң?» дегендей ойлондум да, анан эстей калгансып күңк эте жооп бердим.
- Аз калдык.
- Канчага турду эле?
Ансыз да сүйлөшкүм келбей турган жаным, бул суроого кыжырым келди. Бирок байкап калса көңүлү оорубасын дегендей нары бурулуп