ОЗ ЭНЕМДЕН АРТЫК ЭКЕН...
Мен азыр ойлоп корсом балалыгым туйшуктуу болсо дагы эч нерседен кам санабай,атам жок экенине карабай апамдын кучагында бактылуу отуптур.Ушунчалык апакемди жакшы корот элем ,кээде булкуп силкип катуу мамиле кылса да, кайра эле апам деп жабыша берчумун. Андайда эзиле эркелетип ийбесе да ,апам чачыман сылап калчу. Менден 2 жаш кичуу иним бар , ал болсо эрке ,оюндагысын бербеген ожор эле. Эсимде бир жолу мен бербеген суроону апама берип ,"атам кайда" деп сураган . Ошондо апам "сен жаны торолгондо эле каза болуп калган" деген эле. Ошентип ата мээрими эмне экенин билбей чонойдук.Апам мектепте мугалим болгондуктан, мен "4"деген баа алсам , тим эле жинденип,"4 деген ба