Өкүнүч.
Бир жан элем,
Баскан турган, баарын кылган,
Бардык жолум булганган,
Барган жерден арам менен сыйланган.
Бир да күн жок,
Кумар ойноор жайларга,
Барбай калып кур калган.
Кыйынмын деп жүргөн менен төш кагып,
Батасын да ,жазасын да,
Берет экен бул жалган.
Бир окуя,
Бул окуя басты кыйла жылдарды,
Ууландырып көкүрөктө,
Уят,намыс,ыйманды.
Өтө жакшы көрөр элем,
Карап алып башкаларды,
Какшык, шылдың кылганды.
Дал ушундай эч капарсыз,
Доор сүргөн күнүмдө,
Туулган күн шылтоосуна,
Конок болдук,
Жакын достун үйүндө.
Жедик, ичтик, бий бийледик,
Дене бойлор балкышты.
Теңтуш үчүн кызыл тилдер,
Теңдеши жок,
Каалоолорду айтышты.
Мезгил жетип,
Баардык мейман үйлөрүнө кайтышты.
Келе жатып достор м