Акыр заман белгилери эки бөлүккө ажырымдалат:
1. Акыр замандын кичине белги-алааматтары;
2. Акыр замандын чоң белги-алааматтары;
Кичине белгилер өтө эле көп. Мисал катары Калыгул олуянын: «Тоо токол болоор, кул бий болоор», «Акыр заман кишиси, кичине болоор мүчөсү», Буйлаш уулунун: «Акыр заман болгондо, Журтта ургаачы көбөйүп, Бой азаят дечү эле..», Молдо Кылычтын: «Орозо ,намаз окубай, Тил кыскарган бир заман..», деген бейттери хадистерде келген маалыматтарга үндөшүп турат. Бул өз кезегинде жогорудагы аталарыбыздын Ислам таалимдери боюнча илимдүү, кеменгер, чыныгы мусулман болгондугунан кабар берет. Ал эле эмес бул маалыматтарды Адам алайхис салам баш болгон Пайгамбар-азиздерден (урматту