Кийин, биз карыганда...
(Обону Бактыгүл МУНДУЗОВАныкы)
Балдарыбыз өскөн сайын тирелип,
Биз жаштыкты улам артка жиберип,
Акырындап алдан-күчтөн таярбыз,
Карылык эх, кучагына имерип...
Алдын ала ким болжойт ал курагын,
Балким анда укпай калар кулагым,
Кагып-силкпей жооп берип кой ошондо,
Кагылайын балам, сенден сурарым.
Кокус бир күн колдон түшүп тамагым,
Төгүлсө же сынса идиш-аягым:
-Не кылдың, эк! Тажаттың! – деп келиним,
Кагып-силкпей, көңүлүмдү аягын!
Курчу тайып калса кокус көздөрүм,
Суранарым, байкамаксан өтпөгүн.
Эсте кызым ошол көздөр сен үчүн,
Түнү уктабай, канча жашын төккөнүн...
Ж.И.