Арыктоо үчүн диета кармап, түрдүү көнүгүүлөрдү жасайбыз. Андан сырткары кандай ыкмалар жардамга келет? Арыктоого жардам берген суусундуктарга кайсылар кирет? Арыктоо үчүн күн сайын 1,5-2-литрге чейин суу ичүү керек деген эрежени баардыгыбыз угуп эле жүрөбүз. Ошентсе да мынча көп таза сууну кабылдоого даяр болбогон организм үчүн бул кыйын болот. Таза сууну лимон кошуп ичүү менен күн сайын суунун нормасын аткарып гана койбостон, организмдеги зат алмашуу процессин тездетесиз. Ошону менен бирге чаңкаганды жоюп, аптаптуу ысык мезгилдерде да пайдалуу болот.
Лимон кошулган сууну даярдоонуну бир нече жолу бар:
Лимондун жарымын кайнаган сууга салып, 10-15 мүнөт күтөсүз (ж