Менин тандоом Бир бол. Расмий булактарда элдүүлүгүбүз тууралуу 2300 жылдык тарыхыбыз айтылат. Оозеки санжыра андан ары сүңгүйт. Ал эми күнөстүү Кыргызстаныбыздын эгемендүүлүк алганына 30-кадам ташталды. Соңку 30 жыл жаш мамлекет үчүн өз сыноосун дагы, капилет сүйүнүчүн дагы тартуулады. Бул аралыкта бийликтин оңун дагы, солун дагы көрдүк. Демократиянын принциптерин байыркы тарыхынан бери негизги мыйзам катары колдонуп, кыргыз этноними менен үзөңгүлөш колдонуп келе жаткан элибиздин соңку тандоосу Парламенттик башкаруу болду. Чейрек кылым аралыгында канчалаган партиялар түзүлүп, кайра дымыды. Айрымдары калды. Соңку чакырылыштын көзгө басаар партиясы болуп Бир бол эл жүрөгүнөн түнөк тапты. Кү