>>>>>БИР ТУУГАН<<<<<
Бир тууган менин адамым,
Жашоодо тирек караның.
Ишенип жашайм ар убак,
Сүйөнөр менин дарагым.
Мен үчүн тоодой көлөмүң,
Өйдөдө болчу өбөгүм.
Жашоодо мага бир тууган,
Таянар менин жөлөгүм.
Алыстап кетсем ойлоймун,
Жолуңду дайым жолдоймун.
Табылгыз мага бир тууган,
Жашоодо сени колдоймун.
Ынтымак болуп жүрөлүк,
Бир күлсөк дайым күлөлүк.
Ден-соолук тынчтык болсо экен,
Бейкуттук күндө түбөлүк.
Автор..УЛАН САЛИБАЕВ