`Гүлзар ары бери кийим кечесин кийди да, бутуна кийген туфлиден тартынып турду. Деги бир жакшысы калбаптыр. Жакшысы турмак майышып да калган экен. Бир топко ойдолоп кечинде келген кийим кечеден көргөн баалуу бут кийимди алып чыкты. «Каап, кечинде алып келээри менен бүгүн минтип кийип, алсам кантет» деп кайра өзүнүн эски туфлисин кийди эле, бир жагы желип калыптыр. Кийгенде начар көрүнмөк тургай майышып турганычы. Аргасы кеткен Гүлзар жаңы бут кийимди алып чыкты. Тим эле жалтыраган капкара, такалуу платформа мектепке ылайыктуу сонун экенин көргөндө жактырып турганы менен тартынып алды. Башкасынын баары эски тамтыгы чыгып бүткөн тура. Кечинде түзүктөп кара