ТОЗОККО ТАРТКАН ЖИНДИ СУУ!
1—бөлүм....
1982—жыл. Быйыл абдан күн ыссык, жай мезгили, күндүн аптабы , мээ кайнатат, жаан да өчөшкөндөй жаабай калды... . Адырдын жолу , топурагы чыгып, боз ала чаң... Чөптөр да бышып, саргая баштаган... Күн кечтеп калганда мээлүүн шамал жан эргите жүрүп калбаса күндүзү тердеп ,терин аарчыган адамдарды көрөсүң. Кимге жолуксаңда « Ой быйыл абдан ыссык болду , атаңдын кө—өөрүү »—деген сөз... Асанкалый москвичин минип алып каттуу айдап, чаңытып, таштарга арты көтөрүлүп, бара жатты.. Жолдун эки тарабы кыбыраган эл. Баары суктана қарап өткөрүп коюшат....... Алар экен эгин —тегинине суу коюп, чөбүн жулуп , мээнет кылып жүрүшөт